Жаңылыктар
Алматыда башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Алматыда башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду

Алматыда орун алган башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ал адам 33 жашта болгон жана Алматы шаарында фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.

“Анын өздүгүн кесиптештери жана достору тастыктады. Алматыдагы Башкы консулдук кырсыктын чоо-жайын тактоодо жана маркумдун жакындары менен байланышта болууда”, - деп айтылат маалыматта. Кыргызстандыктын өлүмү боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

ТИМдин маалыматында, ошондой эле кагылышуу учурунда Кыргызстандын башка жарандарынын каза болушунун мүмкүн болгон фактыларын аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат. Ал эми кармалган Закир Юбуров жана Кыргызстандын башка жарандарынын кармалышы боюнча учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бул жарандарды кармоо фактысы боюнча жана текшерүү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин аларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу министрликтин нотасы Казак тарапка жөнөтүлдү.