Жаңылыктар
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды

Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан Кыргызстандын 5 жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады. 

Маалыматка ылайык, учурда бул маселе боюнча казак тарап менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле азыркы тапта Казакстандын аймагындагы мекендештерге тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча чаралар ыкчам түрдө ишке ашырылууда. Билдирүүгө караганда, Казакстанда жайгашкан министрликтин базасында мекендештерге өзгөчө кырдаал учурунда жардам көрсөтүү боюнча оперативдүү штаб, ыкчам байланыш телефондору уюштурулган. 4 күн ичинде 1 миңге жакын жарандан чалуулар түшүп, тиешелүү жардамдар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Министрлик тарабынан атайын уюштурулган автобустар менен алгач 42, андан соң 14 кыргызстандын жараны өлкөгө кайтарылган. Алардын ичинде аялдар, балдар бар. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 100дөн ашуун мекендештин чек арадан өтүүсүнө көмөк көрсөтүлдү. Министрлик менен чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр тарабынан оор турмуштук кырдаалга туш болгон мекендештерге гуманитардык жардам көрсөтүштү. ТИМдин Консулдук кызмат департаменти элчиликтин жана башкы консулдуктун ыкчам байланыш номерлерине чалууларды кабыл алууда. Алар:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465

Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги:

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72