Жаңылыктар
Юстиция министрлиги Рузахуновдун токмоктолушун иликтөөгө чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлиги Рузахуновдун токмоктолушун иликтөөгө чакырды

Кыргызстандын Юстиция министрилиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөттү. 

Анда Алматыда кармалган кыргызстандык пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинёв конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган. 

Министрлик тараткан маалыматта "мындай кайрылууга Рузахунов сабалганы так көрсөтүлгөн видео негиз болгону" айтылат. Ошондой эле казак күч түзүмдөрү Рузахуновго Кыргызстандын консулдук кызматкерлерин жана адвокаттарды киргизиши керектиги белгиленген.