Жаңылыктар
Казакстандын күч органдары тарабынан кармалган Викрам Рузахунов бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын күч органдары тарабынан кармалган Викрам Рузахунов бошотулду

Казакстандын күч органдары тарабынан кармалып, бир канча күндөн бери коңшулаш мамлекеттин массалык маалымат каражаттары тарабынан “террордук топтун уюштуруучусу” катары айыпталып жаткан музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. УКМКнын маалымат кызматы тастыктагандай, учурда Викрам Рузахуновду Бишкекке алып келе жатышат.

Кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахуновдун террорист катары айыпталып, камакка алынышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жараткан. Аны бошотуу боюнча сүйлөшүүнүн башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү турган.

Буга чейин Камчыбек Ташиев: "Биздин жаранды терроризмге айыптаганы туура эмес. Мен УКМК төрагасы катары айтарым, биздин өлкөдө эч кандай террорист жок. Эгер чыга турган болсо, тийиштүү чараларды колдонобуз. Казакстанда мурдатан иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингге аралашып калышы мүмкүн. Бирок андай фактылар тууралуу да расмий түрдө эч кандай тастыктоо жок. Мен атайын кызматтын башчысы катары айтып коёюн, кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөгө террористтер кирип барды дегени туура эмес, андай болбойт дагы" - деп Викрам Рузахуновду бошотууга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланарын билдирген.