Жаңылыктар
Чүй облусунда 3-январдан 9-январга чейин 3 миң 565 жол эрежесин бузуу катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда 3-январдан 9-январга чейин 3 миң 565 жол эрежесин бузуу катталды

Чүй облусунун аймагында 3-январдан 9-январга чейин 3 миң 565 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди. 

Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу - 35, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 1269, документи жок 30 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 68 унаа токтотулган.