Бишкек мэриясы Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз жана тынымсыз байланышта болуп, "Манас" аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда.
Казакстандык транзиттик жүргүнчүлөр муниципалдык транспорттор менен ташылууда. Алар Казакстанга жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда болот жана ысык тамак менен камсыздалат. Мэрия ошондой эле ыктыярчыларды биргелешип иш-аракеттерин пландаштырууга чакырат.