Өткөн суткада Бишкек мэриясынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын 32 жаранын тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты.
Казакстандыктар мейманканага мэрдин резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жайгаштырылууда. "Учурда Бишкек шаарынын мэриясы менен Казакстандын элчилиги "Ак-Жол" өткөрүү пунктуна жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча даярдыктарды көрүүдө", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча шаардык штабдын иш-чараларынын планын бекиткен.
“Учурда "Манас" аэропортунда мэриянын нөөмөттөгү автобустары иштеп жатат жана Казакстандын элчилиги менен макулдашып, бардык коопсуздук чараларын сактоо менен казак жарандарын уюшкан түрдө тосуп алуу жана "Ак-Жол" өткөрмө бекетине жеткирүү иштери да жүргүзүлөт.