Өлкөдө азык-түлүк боюнча маселе жок. Бардык биринчи керектелүүчү азыктар жетиштүү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымат берип, Казакстандагы кырдаал импорттолгон товарларга таасир этпей турганын билдирди. Учурда декабрда ташылып келинген товарлардын көлөмү алдыдагы эки-үч айга жетиштүү.