Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.
Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты. Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди. Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.