Жаңылыктар
Өлкөдө акыркы эки жылда жүн өндүрүү көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө акыркы эки жылда жүн өндүрүү көбөйдү

Өлкөдө акыркы эки жылда жүн өндүрүп, аны кайра иштеткен тармактар көбөйдү. 2021-жылы 13 млн 146 тонна жүн алынып, мурдагы жылга караганда 100,3% түздү. 

Муну менен катар жүндөн буюм-тайымдарды жасоого суроо-талап өсүп, тармакты киреше булакка айландырган ишкерлер да көбөйдү. Өзгөчө Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл, Нарын аймагында жүн өндүрүмү көп болот. Айрымдары экспортко чыгарып, кирешелүү тармагын жакшыртуу үчүн чет мамлекеттерден жүн багытындагы асыл тукум койлорду сатып келип көбөйтүүдө.