Жаңылыктар
Өлкөдө эң ири суммада мамлекетке салык төлөгөн компаниялардын аты аталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө эң ири суммада мамлекетке салык төлөгөн компаниялардын аты аталды

Өлкөдө эң ири суммада мамлекетке салык төлөгөн ири компаниялардын аты аталды. Беш номинация боюнча бюджетти толтурууга салым кошкон ири ишканалардын саны 500дөн ашты. 

Ири суммада салык төккөн 200 компаниянын акчасы 40 млрд 423 млн 123 миң сом болду. Алардын ичинен 197 компания биригип, 1 млрд 992 млн сом киреше салыгын төлөгөн. Сап башында «Кумтор голд Компани», «Нур Телеком», «Түндүкэлектро» ишканалары турат. Үч компаниянын салыгы 497 млн сомго жетти. 

Мындан сырткары баштапкы ондукка «Альфа Телеком», «Кыргызнефтегаз», «ТД Народный», «КАЗ Минералз Бозымчак», «Скай Мобайл», «Кыргыз Темир Жолу» жана «Алтынкен» ишканалары кирди.