Жаңылыктар
Өлкөгө сырттан тоют ташып келүүгө каралган жеңилдиктердин мөөнөтү узарышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө сырттан тоют ташып келүүгө каралган жеңилдиктердин мөөнөтү узарышы мүмкүн

Өлкөгө сырттан тоют ташып келүүгө каралган жеңилдиктердин мөөнөтү дагы узарышы мүмкүн. Бул боюнча Министрлер кабинетине Айыл чарба министрлиги сунуш даярдады. 

Июнь айында малдын тоютун ташып келгендер бажы алымы менен кошумча нарк салыгынан бошотулган. Тартыштыкка байланыштуу өлкө ичинде даярдалган тоютту сыртка сатууга тыюу салынган. Бул кургакчылыктан улам чөп, жүгөрүнүн түшүмү аз болгонуна байланыштуу кабыл алынган чара.