Кыргызстан "Камбар–Ата 1" ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Кыргызстан суу ресурстарына бай болгону менен андан энергия өндүрүүдө аксап жатканын айткан эксперттер, "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушу электр таңсыктыгын жоюуга зор салым кошуп, экспортко жол ачмак деген пикирде.
“Камбар – Ата 1” ГЭСи курулуп калса, Кыргызстандагы электр энергия өндүргөн гидроэлектростанциялардын ирисине айланмакчы. Токтогул ГЭСинин кубатуулугу 1200 Мегаваттка жетсе, “Камбар – Ата 1” ГЭСинин өндүрүмдүүлүгү 1860 мегаваттка айланып, жылына 5 млрд киловатт саат энергия иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат. Энергетика министри бул уникалдуу долбоорду ички ресурстардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын билдирди. Анын айтымында өлкөдөгү ири объектини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бекмурзаев долбоорду Кыргызстан өз каражатына ишке ашырса жакшы болорун жана анын жолдору каралып жатканын белгилеген.
Энергетика министринин айтымында “Камбар – Ата 1” ГЭСинин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болот. Ири курулушту иш жүзүнө ашыруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. ГЭС Нарын дарыясынын жогору жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулмак. Энергетика жаатындагы адистердин айтымында “Камбар –Ата 1” ГЭСи курулса өлкөдөгү электр энергияга болгон таңкыстык жоюлмак.
Кыргызстан менен Россия “Камбар – Ата 1” жана Жогорку Нарын каскадын куруу тууралуу макулдашып, бирок ишке ашкан эмес. Экономисттер кошумча электр энергия өндүрүлсө экономикага өсүш алып келет деген пикирде.
Кыргызстанда соңку жылдары керектөөчүнүн саны өсүп күз-кыш мезгилинде электр энергияга болгон таңсыктык жаралууда. Абалдан чыгуу максатында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясы экспорттолуп келет. Талдоочулардын пикиринде “Камбар –Ата 1” ГЭСнин курулса, муктаждык жоюлуп, алтургай экспорт кылууга шарт түзүлөт. Бул багытта Кыргызстан КАСА- 1000 долбоорун ишке ашырууда. Ага ылайык өндүрүлгөн электр энергия жайкы мезгилде Ооганстан менен Пакистанга киловатт-сааты 5 доллардан жогору баада экспорттоло баштайт.
Кыргызстанда соңку жылдары керектөөчүнүн саны өсүп күз-кыш мезгилинде электр энергияга болгон таңсыктык жаралууда. Абалдан чыгуу максатында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясы экспорттолуп келет. Талдоочулардын пикиринде “Камбар -Ата 1” ГЭСнин курулса, муктаждык жоюлуп, алтургай экспорт кылууга шарт түзүлөт. Бул багытта Кыргызстан КАСА- 1000 долбоорун ишке ашырууда. Ага ылайык өндүрүлгөн электр энергия жайкы мезгилде Ооганстан менен Пакистанга киловатт-сааты 5 доллардан жогору баада экспорттоло баштайт.