Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө туура 30 жыл толду. Өлкө эгемендик алгандан кийин кылымдардан берки карым-катнаштын жаңы доору башталып, республикалар ортосундагы ымала стратегиялык өнөктөштүккө чейин жетти. Кыргыз-кытай алакасына Президент Садыр Жапаров дагы токтолуп, мааракелик 2022-жыл кызматташтыктын өнүгүшүнө далил болгон бир катар жаңы жетишкендиктер менен жыйынтыкталарына ишеним артты.
1000 чакырымдан ашык жалпы чек арасы бар Кыргызстан менен Кытай бекем байланышы бар коңшу мамлекеттер. Эки элди мурдатан эле байыркы Жибек Жолу бириктирип келген. Азыр бул кыргыз - кытай достугунун далили.
Кыргызстан коңшу эле эмес, ынак мамиледеги стратегиялык өнөктөш өлкөлөр. Бул республикалардын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 5-январда туура 30 жыл толуп, Кыргыз Улуттук филармонияда салтанатуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Президент Садыр Жапаров эки элдин ортосундагы карым-катнаштын деңгээли көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү боло аларына токтолду.
Кытай - Кыргызстандын соода-сатык жана инвестиция жаатындагы негизги өнөктөрүнүн бири. Мисалы, учурда өлкөдө кытайлык инвесторлордун 400гө чукул ишканасы жана кыргыз - кытай биргелешкен 200дөй ишкана иштеп жатат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салык мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогорулап, өткөн жылы 4 миллиард сомго жакындаган. Президент өлкө өз ара сооданы ыкчам түрдө өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Бардык тармактар боюнча кызматташкан эки республика бири-бирине ар тараптуу көмөк көрсөтүп келишет. Пандемия Кыргызстанды тооруп турган мезгилде Кытай вакцина, медициналык каражат, азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берди.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө тоскоол болчу талаштуу маселелер жок. Ынак коңшулук мамиледе кызматташтык ылдамдык менен өсүүдө.
30 жыл ичинде Кытай менен Кыргызстандын ортосунда өкмөттөр жана мекемелер аралык 100гө жакын келишим жана макулдашууларга кол коюлду. Быйыл дагы көптөгөн иш-чараларга бай болуп, алар ортодогу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артылууда.