Жаңылыктар
Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен быйыл 15 мектеп куруу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен быйыл 15 мектеп куруу пландалууда

Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен быйыл 15 мектеп курулуп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Аны менен бирге иштеп жаткан мектептерге дагы кошумча окуу корпустарды курулат. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептерди республикалык бюджеттин эсебинен куруу Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашат. 4-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бала бакчалардын жана мектептердин курулушу менен таанышып чыкты.