Жаңылыктар
Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн аңчылык ок атуучу куралдар алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн аңчылык ок атуучу куралдар алынды

Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн аңчылык ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясынын "Садиров" атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо 3-январь күнү Кыргыз-Кыштак айылынын 2 тургуну ок атуучу куралын көтөрүп жүргөнү белгилүү болгон. 

Текшерүү иштеринин негизинде 2 даана 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралдын эч кандай документтери жок мыйзамсыз көтөрүп жүргөндүгү аныкталган. Бул материал Кадамжай РИИБине катталып, мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар алынган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.