Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда. Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көргөн.
Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициясынын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган.
Кыргыз милициясынын жалпы өздүк курамы кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого, жасалган же боло турган кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө токтоосуз жооп берүүгө багытталган. Кыйынчылыктарга жана укук бузууларга тез арада чара көрүү, алдын алуу үчүн кошумча ыкчам-тергөө топтору жана ыкчам аракеттенүү топтору жеринде иш алып барышат.