Жаңылыктар
Белгилүү адабиятчы Болотбек Акматов мезгилсиз дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү адабиятчы Болотбек Акматов мезгилсиз дүйнө салды

Билим берүүсүнүн отличниги, Россия табият таануу академиясынын илим жана техникасына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, белгилүү адабиятчы Болотбек Акматов мезгилсиз дүйнө салды. 

Болотбек Акматов Ысык-Көл облусуна караштуу Көк-Мойнок айылында 1963-жылдын 13-июлунда туулган. Кочкор районундагы «Эпкин» орто мектебинин 1-классына кирип, 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Кочкор райондук ПМКда кыш кыноочу, суу чарба башкармалыгында түрлүү жумушчу болуу менен баштаган. Орто мектепте окуп жүргөн мезгилден баштап райондук, облустук жана республикалык гезит-журналдар менен кызматташып, ар түркүн мазмундагы кат-кабарларды, жаңылыктарды, көркөм чыгармаларды, публицистикаларды жарыялап турган. 

1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы болгон. Ушул эле жылы Ысык-Кел райондук «Коммунизм таңы» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеп, 1988-жылы педагогикалык ишке өтүп, андан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Улуттук университетинде которулуп келген. Ал жерде окутуучу, доцент, профессордун милдетин аткаруучу кызматтарында иштеген. «Азыркы кыргыз тили жана адабияты, Мамлекеттик тил кафедраларын жетектеген. Адабиятка болгон кызыгуусу орто мектепте окуп жүргөн мезгилде эле башталып, адабий-теориялык макалалары студент кезинен жарык көрө баштаган. 1996-жылдан тартып Кыргыстан Журналисттер Союзунун, 2001-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Анын калеминен жаралган «Мекен коргоо ыйык милдет», «Кыргыз адабий байланыштарынын жаңы доору», «Кыргыз-казак адабий байланыштарынын 30-жылдардагы көп түрдүүлүгү» сыяктуу сыяктуу бир топ эмгектери окурмандарга тартууланган.