Жаңылыктар
Дем алыш күндөрү Улуттук тарых музейи көрармандарды кабыл алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Дем алыш күндөрү Улуттук тарых музейи көрармандарды кабыл алууда

Кышкы каникулда жүргөн мектеп окуучуларынан баштап, шаардын коноктору, чет элдик жарандардан турган тарых сүйүүчүлөрдүн саны арбын. Анда бардык маалыматтар үч тилде жазылып, келгендерге мультимедиалык программанын негизинде маалыматтар айтылат.

Мектеп окуучулары кызыккан кыргыздардын улуттук кийимдери Кокон хандыгындагы доорго таандык. Андагы ар бир жаш өзгөчөлүгүнө, үй-бүлөлүк статусуна жараша тигилген кийимдер ошол кездеги элдин жашоо образын толук чагылдырат. Тарыхта кыргыздар балакатка жеткен секелек кыздан баштап, бой жеткен селки, жаш келин, байбиче жана жесир калган аялдарды кийген кийиминен айырмалашкан. 

Шаар тургундары гана эмес, атайын аймактардан келип музейге келгендер да бар. Алар эл акыркы кезде маданий, руханий жактан жаңыланууга суусап калганын айтып, мындай тарыхый жайлар келечек муунга жакшы таберик болорун айтышат.