Баткен облусунун Лейлек районунда “Арка” көмөк чордону жаңыланды. Аталган курулуш иштери “Баткен облусундагы Арка өрөөнүн электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу” аталыштагы долбоор алкагында ишке ашырылды. Жогорку чыңалуудагы жаңыланган “Арка” көмөк чордону 51 чакырымды түзөт жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү 4 айылга, 4 насоско электр энергиясын берет.