Жаңылыктар
"Көрктүү жана жашыл борбор калаа" өнүктүрүү программасын кеминде 26 млрд сом талап кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
"Көрктүү жана жашыл борбор калаа" өнүктүрүү программасын кеминде 26 млрд сом талап кылынат

Бишкек шаарын 2021-2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн кеминде 26 миллиард сом талап кылынат. "Бишкек — 2026. Көрктүү жана жашыл борбор калаа" программасынын долбоору учурда Бишкек шаардык кеңешинин кароосунда турат. Депутаттар аны карап чыгып бекитип бериши керек. 

Каржылык корутундусуна мэриянын Экономика жана инвестиция департаменти жалпы сумманын 10 миллиард 47 млн сому шаардык боюджеттен бөлүнүшү керектигин жазган. Маалыматтык негиздемеде долбоорду ишке ашырууга 26-30 миллиард сом керектелери белгиленет. Мындан улам каражатты жергиликтүү бюджеттен, муниципалдык ишканалардын кирешесинен, өнөктөштөрдүн инвестициясынан, эл аралык грант жана кредиттерден тартуу каралган. Бул программа шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык документи болуп калары айтылган. 

Максат — Бишкекти айлана-чөйрөсү жагымдуу жана жашыл заманбап шаарга айлантуу. Өлкө экономикасынын өсүшүнө түрткү болуучу билим берүү жана маданият борборлорун салуу, калаага капиталды, туристтерди тартуу каралган. Долбоор алты негизги багытты камтыйт. 

Алар, социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, айлана-чөйрөсү жагымдуу шаар, заманбап шаардык инфраструктура, шаардын көз жоосун алган архитектуралык-көркөм көрүнүштөр, экономикалык өсүү жана жергиликтүү бюджетти бекемдөө,шаарды майнаптуу башкаруу. Борбор калааны өнүктүрүү программасы мэрдин жетекчилиги астында жүзөгө ашырылат. Ал эки этап менен аткарылат.