Борбор калаада жаш көрүүчүлөргө арналган "Жаңы жылдык жомок" аталышындагы спектакль тартууланууда. Жомок Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын актерлору тарабынан коюлууда. Жомок толугу менен оркестрдин коштоосундагы жандуу ырлар менен коштолот. Жаңы жылдык спектаклдин сценарийин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Юлия Бабич жазса, спектаклди эмгек сиңирген артист Искендер Сартбаев койгон. "Жаңы жылдык жомок" спектакли 8-январга чейин көрсөтүлөт.