Москвадагы кыргыз диаспорасынын кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарды. Иш-чарага Россиянын бардык аймактарынан делегаттар катышты. Баяндамачылар 2021-жылдагы жетишкендиктерге жана кемчиликтерге токтолушту. Иш-чаранын жыйынтыгында ар тармакта ийгилик көрсөткөн мекендештерге сыйлыктар тапшырылды.
ВДНХнын “Акылдуу шаар” павильонунда Кыргыз диаспорасынын кеңеши “Достук көпүрөсү” деп аталган форумун өткөрдү. Баяндамачылар жетишкендиктер жана кемчиликтер, мамлекеттер аралык долбоорлор жана аларды ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан учурлар тууралуу сөз кылышты.
Жакында ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалган Алтынай Өмүрбекова катышуучуларга Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы маанилүү өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Документке ылайык, өлкөгө 29-декабрдан кийин келген чет элдиктер манжа изин тапшырып, медициналык кароодон өтүшү керек. Бул өзгөртүүлөр эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жана дипломаттарга тиешеси жок.