Чүй облустук ички иштер башкармалыгы таксистти карактап, машинесин тартып алган шектүүлөр кармалганын кабарлады. Кылмышка шектүү 18 жана 20 жаштагы эки адам Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча айыпталып тергөө абагына камалды. Милициянын маалыматына ылайык, арыз ээсин 1-январга караган түнү саат 2лер чамасында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси катары чакырып, Аламүдүн районуна жеткирүүнү суранышкан.
Белгиленген жерге барган учурда айдоочуну кур менен муунтуп, сабап, бычак менен коркутуп машинесин балдарга сатты деген тил кат жаздырып алышкан.19 жаштагы айдоочунун телефонун алып, колу-бутун байлап калтырып кетишкен. Милициянын ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында уурдалган унаа Ысык-Ата районунан табылган. Шектүүлөр машинени башка бирөөлөргө сатууга аракет кылышкан. Тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.