Президент Садыр Жапаров 1-январдан тарта бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүлүүсүн шарттаган жарлыкка кол койгон. Анда берилген тамак-аштын өлчөмү менен сапатын жакшыртуу жагы каралган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сузак районундагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине жана Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекмесине барып, коюлган талаптагы тамак-аш нормасын, сапатын текшерип чыкты.