Жаңы жыл майрамдык салтанатынан кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Майрамга карата "Тазалык" муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн нөөмөттө иш алып барып, аянтта эле 5 атайын техника менен элүүдөй кызматкер иштеди. Алар акыркы жылдары аянтта эс алуучулар көп болгондуктан, тынымсыз иштөөгө туура келерин айтышат. Ошол эле учурда эс алуу маданиятын да билүү абзел деген пикирде.
Назгүл Жапарова он жылдан бери шаардын тазалыгына салым кошуп эмгектенет. Дайыма жаңы жыл түнүн үй-бүлөсү менен эмес, аянтта таштандыларды тазалап өткөрөт. Үй-бүлөсү да туура түшүнүп, өзү да майрамга караганда жумуштун кызыкчылыгын жогору коюп, аянттын тазалагына өзүн жооптуу сезерин айтат.