Кыргызстандын демилгелери дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого алынып жатат. Алсак, жакында эле Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы Нью-Йоркто 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялады.
Аталган сунушту Президент Садыр Жапаров БУУнун 76-сессиясындагы кайрылуусунда белгилеген. Бул демилгенин алкагында дүйнөлүк масштабдагы иштерди аткаруу күтүлүүдө.