"Үмүт-Надежда" балдардын реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларына жаңы жылдык кече уюштурулду. Балдарга ыр, бий, сынактар менен коштолгон майрамдык маанай тартууланды. Таттуу белектерге ээ болгон бөбөктөрдүн кубанычын жүздөрүнөн байкоого болот.
Иш-чара борбордун кызматкерлери менен демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып көмөк көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, борбор тарабынан жүргүзүлгөн реабилитациялоонун адистешкен программасы тарбиялануучуларга окуу предметтери боюнча билим алууга, өзүн өзү тейлөөнүн белгилүү бир көндүмдөрүн, социалдык жүрүм-турумун, ошондой эле буюм жасап, сайма саюу сыяктуу кол өнөрчүлүккө мүмкүндүк берет
“Биздин борбордо 80ден ашуун бала тарбияланат. Ар бири өзгөчө, дилгирлүү десем жаңылышпайм. Алар бизди жашоого болгон көз карашты өзгөртүүгө түрткү болот. Жыл сайын мындай майрамдарды уюштуруп келебиз. Ар бир бала билим алууга татыктуу. Балдар биздин келечек. Келе жаткан жаңы жылыныздар менен куттуктайм",- деди терапия борборунун башчысы Сайнагүл Өмүралиева.