Жаңылыктар
Бажы кызматынын 30 жылдыгына карата кызматкерлер сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматынын 30 жылдыгына карата кызматкерлер сыйланды

Бажы кызматкерлери сыйланды. Мекеменин 30 жылдыгына карата мыкты кызматкерлерге Министрлер кабинетинин ардак грамоталары тапшырылды. 

Аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты. Ал бюджетти толтурууда олуттуу кадамдар жасалып жатканын, бул үчүн бажы кызматкерлерине да бир катар милдеттер коюлганын белгиледи.