Жаңылыктар
Бишкек шаарында жаңы жыл түнү экспресс-транспорттор иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында жаңы жыл түнү экспресс-транспорттор иштейт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен 31-декабрдан 1-январга караган түнү муниципалитеттин Жаңы жылды тосууга даярдыгы боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү. 

Басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жыйынтыгында шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн 31-декабрда жаңы жылдык экспресс-автобустар жана троллейбустар, ошондой эле кичи автобустар түн жарымына чейин каттай турган болду. Маршруттук каттамдар тууралуу маалымат кошумча берилет. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын коопсуздукту сактоону, пиротехникалык буюмдарды колдонуудан баш тартууну жана жеке буюмдарга өтө этият болууга чакырат.