Жаңылыктар
Алдыдагы майрам күндөрү энергетиктер ишин күчөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы майрам күндөрү энергетиктер ишин күчөтөт

Кыргызстанда энергетикалык компаниялар жаңы жылдык майрам күндөрү кезметти күчөтөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Улуттук энергохолдинг жаңы жылдык майрам күндөрүнө даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда жарык менен ишенимдүү камсыздоо жана жооптуу кызматкерлердин ишин координациялоо максатында буйрук чыгарды. Ага ылайык, туунду коомдор майрамдык иш-чаралар өткөрүлө турган жерлерди жана калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыздап турууга тийиш.

Буйруктун негизинде зарыл учурда ыкчам оңдоо кызматкерлеринин кезмет графиги түзүлүп, уюштурулушу керек. Бардык жоопкерчилик туунду коомдордун башкы директорлоруна жүктөлөт.