Жаңылыктар
Бишкекте психотроптук заттарды жасаган лаборатория жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте психотроптук заттарды жасаган лаборатория жок кылынды

Бишкекте баасы 10 млн сомго жакын психотроптук заттар менен баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте Кылмыш-жаза кедексинин 267-беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө "Telegram" мессенджеринен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен жүргүзүлүүчү интернет дүкөн аныкталган. Көрсөтүлгөн дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн баңгизаттарды интернет тармактарына мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген. ИИМдин кызматкери тарабынан аталган дүкөндүн администратору менен жазышуу жүргүзүлүп, натыйжада 100 грамм салмактагы "мефедронду" сатып алуу боюнча макулдашылган. Баңгизатты сатып алуу баасы 300 миң сомдон ашкан.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Чуйков көчөсүндө өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, баңгизат каражаттардын жашыруун жайы аныкталып, жазышуу жүргүзгөн жаран кармалган. Анын Турусбеков көчөсүндөгү ижарага алып жашаган батиринен баңгилик лаборатория аныкталып, жалпы баасы 10 миллион сомго жакын психотроптук заттар менен жасалган баңгизаттар табылган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.