Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Каракол айылындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 3 бала каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Каракол айылындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 3 бала каза болду

29-декабрда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, кесепетинен үч бала каза болду. Балдардын экөө эки, алты жашта, бирөө беш жашта болгон. 

Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак жай толук күйгөн. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка караганда, өрт чөп жыйналган сарайдан чыккан. Балдар өрт чыккан тарапка жакын үйдүн бөлмөсүндө ойноп жаткан. Үйдүн чатыры урап кетип, балдарды куткарууга үлгүрбөй калышкан. “Ал эми башка бөлмөдө сыналгы көрүп жаткан чоңдор жана балдар терезеден сыртка чыкканга жетишкен”, - деп айтылат маалыматта. Өрт балдардын от менен ойноосунан чыккандыгы да айтылууда.