Жаңылыктар
Каракол: балаты майрамдары бардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол: балаты майрамдары бардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүүдө

Каракол шаарындагы бала бакчаларда Жаңы жылдык балаты майрамдары бардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүүдө. 

Бала бакчаларда өрткө каршы, санитардык жана башка тийиштүү талаптар сакталууда. Балдардын маанайын көтөрүү, эстетикалык тарбиялоо, жамааттын чыгармачыл активдүүлүгүн колдоо, балдарды көркөм чыгармачылыкка тааныштыруу, алардын ата-энелеринин жана колдонмо искусствосу боюнча кызматкерлердин чыгармачыл активдүүлүгүн колдоо максатында өткөрүлүп жатат. Эске салсак, Каракол шаарында жалпы 15 мектепке чейинки мекеме бар.

"Биздин бала бакчада 150 бала тарбияланат. Азыр ар бир балага майрамдык маанай тартуулаганга аракет кылып жатабыз. Ата-энелер да коноко келип жатышат. Бизге чынында 2020,2021-жылкы балдар кезекте туруп жатышат. Азыр бизге бир жарым жашка чейинки тайпа ачуу муктаждыгы туруп жатат. Бул багытта азыр жумушта жүрүүдө", - деди Пристань айылындагы бала бакчанын директору Жылдыз Ибраева.