Жаңылыктар
Борбор калаада Кыргызстандын лидер айымдары жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада Кыргызстандын лидер айымдары жыйын өткөрдү

Борбор калаада Кыргызстандын лидер айымдары жыйын өткөрдү. Анын алкагында "Аялдар диалогу" уюмунун жыл ичинде алып барган жумуштарынын жыйынтыгы чыгарылып, аны өнүктүрүүнүн келечеги жана келерки жылга иш-чаралардын планы талкууланды. 

Атап айтканда, быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес өкүлдөрүнүн Эл аралык бизнес-форуму өткөн. Анда түрдүү тармактарда эмгектенген жетекчи айымдар, саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Аялдар диалогу аймактагы айымдарды колдоо, алардын саясий, экономикалык жана социалдык ролун жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында түзүлгөн.