Маалыматка ылайык, жеңүүчү компания жер астындагы таштандыларды сактоо жана чогултуучу 3 системаны орнотот. Ар бир система 4 таштанды челеги менен жабдылат. Мэриядан белгилешкендей, заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай мамиленин аркасында шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшү жакшырат.
"Атайын белги системасы катуу таштандыларды өз убагында алып чыгууга мүмкүндүк берет, ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана участоктордун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө салым кошот, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары кароосуз калган жаныбарлар топтолгон жай болуп калбайт", - деп айтылат маалыматта.