Жаңылыктар
Кыргыз - кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Демилге Кытай тараптан болгон. 

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү жабык болот. Аталган бекеттер 4-январдан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүү менен ишин улантат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.