Чүй облусунун айрым аймактарында мелиорациялык гидрогеологиялык экспедиция сугат жерлериндеги коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштерин аяктоодо. Мындай жумуштар буга чейин түшүмдүүлүгү төмөн болуп келген айдоо аянттардын натыйжалуулугун жогорулатат.
Сокулук районуна караштуу Ат-Башы айыл аймагына караган Төрт-Күл айылындагы дренаждык тармак ондогон жылдар бою тазаланбай келген. Анын кесепетинен чоң аянттагы талаалар жараксыз абалда калып, камыш баскан.