Кыргызстан - эгемен, демократиялык, укуктук өлкө. Мамлекет ар дайым демократиянын принциптерин сактап келет. Парламенттик шайлоодо дагы Кыргызстан Борбор Азиядагы эң бир демократиялык принциптердин бардыгын карманган өлкө бойдон калды. Себеби, добуш берүү процессинде бир дагы административдик ресурс колдонууга жол берилбей, өнөктүктүн катушуучуларына тең укук, бирдей шарттар түзүлүп берилгенин Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйынында дагы белгиледи.