Бүгүн Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды. Президент визитинин алкагында КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышты. Өлкөлөрдүн лидерлери COVID-19 пандемиясы менен биргеликте күрөшүү маселесин талкуулашты.