Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди (Россия Федерациясы). Мамлекет башчысынын учагы «Пулково» эл аралык аэропортуна келип конду.

Эске салсак, сапардын алкагында Мамлекет башчысы демилгечиси Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин болгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.