Жаңылыктар
Кыргыз - кытай кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - кытай кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

27-декабрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй башында турган делегацияны кабыл алды. 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу саясий маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, аянтчалардын алкагында өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. Ли Хуэй эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн акыркы 30 жылында кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп, болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экенин, бул мамлекеттер аралык мамилелердин жаңы типтеги үлгүсү экенин белгиледи. 

Кытай тарап Кыргызстандын саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү жолун тандап алганын урматтай тургандыгын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн улуттук көз карандысыздыкты, эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү коргоого, улуттук экономиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоого багытталган иш-аракеттерин толугу менен колдой тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий диалогду активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Кытай Кыргызстандын негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, Руслан Казакбаев кытай тарапты Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда биргелешип иштешүүгө чакырды. 

Ошону менен бирге, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайларындагы жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүү мүмкүндүгүн жогорулатуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи, ошондой эле Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда кармалып турган Түштүк Кореядан келе жаткан унаалар жүктөлгөн контейнерлерди үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин тез арада чыгарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Кытай тарап аталган жүктөрдү Кыргызстандын аймагына биринчи кезекте өткөрүүнү уюштуруу боюнча чечим кабыл алгандыгын билдирди.