Жаңылыктар
"Бала-Саруу" ГЭСин курууга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөт
Кыргызстан жаңылыктары
"Бала-Саруу" ГЭСин курууга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөт

"Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына "Бала-Саруу" ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар каржылоо алат. 

Тийиштүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды. "Бала-Саруу" ГЭСи курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык тартипке жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат. Кыргызстан узак убакытан бери алгач ирет мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтерди курууну баштады. 

Ири гидроэнергетикалык объектилер менен катар чакан гидроэнергетиканы бирдей өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кургакчыл мезгилде кошумча электр энергиясын өндүрүү менен генерациянын негизги булагы болгон Токтогул ГЭСине көмөкчү болуп берет. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана "Улуттук холдинг компаниясы" ишканасынын көмөгү менен "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.