Жаңылыктар
Зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Ведомстволор аралык комиссия Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн. Ошондой эле зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, ведомстволор аралык комиссиянын алдына жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана зайым алуучулардын маселелерин чечүүнүн тийиштүү жолдорун табуу милдети коюлган.