Жаңылыктар
Чүй мектеп-интернатына 1 млн сом берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй мектеп-интернатына 1 млн сом берилди

Президент Садыр Жапаров футболдун 100 жылдыгына арналган турнирде байге үчүн коюлган 1 миллион сомду Чүй мектеп-интернатына жеткирип берди. Муну менен катар аталган жайга камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычы тапшырылды.

17-декабрдагы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук мелдешине 6 команда катышкан. Алар Президенттин Администрациясынан, футбол ардагерлеринен, маданият, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн куралган. Мелдештин соңунда өнөр адамдары жеңишке жетишкен. Байгеге коюлган 1 миллион сомду катышуучулар өлкөдөгү балдар үйүнүн бирине берүүнү туура көрүшкөн. Президент ал каражатты Чүй мектеп-интернатына алып барып берди.