Жаңылыктар
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду ыкчам каржылоону ишке ашырууну максат кылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду ыкчам каржылоону ишке ашырууну максат кылууда

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду быйыл 308 долбоорду каржылап, бул үчүн 43 миллион доллар сарптады. Жеңилдетилген насыялардын негизги бөлүгү өнөр жайы менен айыл чарба тармагына берилген. Өнүктүрүү фонду ыкчам каржылоону ишке ашырууну максат кылууда.

Сокулук районундагы фармацевтикалык ишканада жүздөн ашуун адис эмгектенип, дарынын сексендей түрүн даярдоодо. Завод жогорку стандартта иштейт. Лабораториялык жумуштардан тартып, таңгактоого чейин дары өндүрүүнүн бардык талаптары сакталган.