Президент Садыр Жапаров акыркы он ай ичинде эле өлкө боюнча 840 миң таңгак кагаз сатылып алынганын, бул миң тоннага жакын экенин билдирди. Ошондуктан кагаз иштеринен кетиш керектигин айтып, электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына да электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү сунуштады.
Юстиция министрлиги электрондук документ жүгүртүү ыкмасына толук өткөн мамлекеттик мекемелердин бири. Былтыртан тарта борбордук аппарат, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бардыгы электрондук түрдө иштеп жатат. Азыркы учурга карата бир гана Жазаларды аткаруу кызматы калды. Кызматкерлер кагаз иштеринен арылуу аларга көптөгөн жеңилдиктерди алып келгенин айтышат.
Документ жүгүртүүнү электрондук ыкмада жүргүзүү иштөөгө ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөйт. Кагаздардын жоголуп же иштен чыгып калуусун алдын алат. Ошондой эле, санариптештирүү кагазга коротулуп жаткан млн-догон сом каражатты кыскартууга өбөлгө болмокчу.