Өлкөдө шайлоо маданияты мындан ары да өсөт. “Менин добушумду уурдап алды”, “шайлоо бурмаланды” деген ыплас оюндарды токтотоор кез келди. Бул шайлоо бардыгына чоң сабак болуп, кимдер өтөрүн көрсөттү. Булар тууралуу Министрлер Кабинетинин жыйынында белгилеген Президент Садыр Жапаров бир сом акча коротпой озуп чыккан талапкерлерди мисал келтирди.
Шайлоону таза өткөрүү менен жаңы Кыргызстанды, жаңы маданиятты курууга негизги кадам жасалды. Жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик шайлоо жаңы тартип менен өтүп, аралаш система аркылуу эл өзүнө жаккан талапкерди тандап алды. Мурдагыдай добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонууга болушунча жол бербөөгө аракет көрүлдү.