"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды.
УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, 2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-пунктунда каралган айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталаган сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жана иштеген жеринен далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылган.
Белгилей кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери, Кара-Кулжа району боюнча филиалынын убактылуу башчысы жана Нариман айыл аймагынын мурдагы жана учурдагы башчылары кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.