Жаңылыктар
Россиядан жашы жете элек кыргызстандыктар кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядан жашы жете элек кыргызстандыктар кайтарылды
Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган өлкөнүн жашы жете элек жарандарын өз мекенине кайтаруунун үчүнчү этабы жүргүзүлдү. 
Ал Россиянын аймагында болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган репатриация иш-чарасынын алкагында элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Самара, Орёл, Москва шаарларынан республиканын жашы жете элек үч жараны мекенине кайтарылды. Балдардын мекенине кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер элчилик тарабынан таризделди.